Текебаев "Бишкекке жепирейген үйлөрдү курууну токтотушубуз керек" дейт

"Бишкек шаарына жепирейген үйлөрдү эмес, комплекстүү имараттарды курушубуз керек. Эгерде ушул бойдон калтырсак, шаарыбыз дагы 25 жылда да оңолбойт". Мындай пикирди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 12-июлда маалымат жыйында билдирди.

Депутат борбор шаардагы 1996-жылга чейин курулган эски курулуштарды мэриянын балансына алып коюу, ээлерине компенсация төлөп берүүгө багытталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда экенин белгиледи. "Аэропорттон шаарга келе жаткан жолдун жээгинде үйлөр бар. Биздин жетекчилер өлкөгө башка жактан делегация келгенде ал үйлөр тарапты баннер менен тосуп коюшат", - деди Текебаев. Ошондой эле ал шаар куруу боюнча мамлекеттин стратегиялык планы жок экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bah_tee
2016-07-12 22:24:10
Эми ошол тынч жашап жаткан элдер калды эле. Башка ишинер жокбу ушул жепжутарлар
0
Kalemkash
2016-07-13 02:38:20
Туура айтат. Бишкек борборубуз. Башка олконун борборлоруна салыштырмалуу такыр эле арттабыз. Текебаев туура, кынтыксыз Акаевдин, Бакиевдин жана Атамбаевдин убагында да иштеп келе жатат. Таза иштебесе эчак мандаттан алышмак.
0
Kroxa
2016-07-13 22:37:19
Эми акча болуп башка жерден уй берип кочуруп ал уйдун ээлерине,анан сулуу шаар курсанар кана соонун болот эле аэроппорттон тушкондо мына Кыргызстан деп суктанаарлык кылсанар ким кой дейт Урматтуу Текебаев мырза!!:-):-):-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан