Текебаев: "Бишкекте тартылып алынчу үйлөр базар баасында бааланат"

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн 1996-жылга чейин курулган эски имараттардан тазалоодо пландын негизинде курулган көп кабаттуу үйлөр, имараттар бузулбайт. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев 12-июлда маалымат жыйынында билдирди.

"90-жылдары акча тартыш кезде аз кабаттуу имараттар курулуп калган. Жарандардын эски үйүн мамлекет тартып ала турган болсо, компенсация төлөйт. Жаңы курула турган имараттан үй сунуштайт, мурунку батиринен чоң көлөмдө батир алат. Жер алам десе башка аймактан мурунку аянтынан кем эмес жер алат. Мүлктү мамлекет базар баасында алат. Үй тургузулганча шаарда батирде туруп туруусу үчүн акча бөлүп бериш керек. Биз маселени мэрияга, өкмөткө киргизебиз. Парламенттин кароосуна кирбей калышы да мүмкүн", - дейт Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jooshbai
2016-07-12 12:23:21
tekebaev erkek
+3
Adidas_91
2016-07-12 12:31:57
Туура кылат азаматсын
-2
jumatone
2016-07-12 13:37:58
Деп айтыла берет убагы келгенде акча жок бул жок деп ар кайсыны айтышат
+8
RONNI
2016-07-12 13:45:47
Андан коро аянтагы мурунку прокуратураны ондоо керек беле?
+2
ruslanz
2016-07-12 15:40:15
Ошол уйдун ээлерине жакшы болот, колдош керек. Азыркы жашап жаткан уйлорун уй деп айтыш кыйын. Карпинка ж.б. Анысын берип жаны, баардык шарты бар уйлордо жашап калса эмнеси жаман. Ал жерлерге бийик, кооз уйлорду салыш керек. Шаарга окшотуп.
-1
ashir
2016-07-12 18:33:14
Мм чек араны тоскондо болмок
-1
blood
2016-07-13 01:06:05
Эй кыргыздаар качанкыга чеийин жепрейген ункурго окшош уйлордо жашап келе беребиз... кичине ойлонсонор боло... текебаев бирнерсеге козу жеткен киши... биз да кыргыздар мега полис куурганга уйронушубуз керек адам сыйактуу онуккон мамлекет катары жок дегенде борбор калаабызда жепирейген уйлор тазаланса кана эле... эшигин коруп тооруно от демекчи
0
Kroxa
2016-07-14 00:16:27
Созуно туруп сулуу шаар курсанар кара четтен келгендер суктанаарлык кылып элдин уйун алмаштырып койсонор элге да жакшы Урматтуу Текебаев Мырза!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан