СУПЕРСТАН: "Менин кайнатам - менин адвокатым"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайнатанын кылыгы" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Менин атам жакшы кайната го деп ойлойм. Жеңем жаңы келгенде атам тез-тез тамактанып сыртка чыгып кетчү, анан жеңем келип тамактанчу. Экөө бири-биринен качып эле жүргөнүн көрүп бир кызыктай болчумун".

"Менин кайнатам конок келип калса үйгө киргизбей жатып "чай алып кел, дасторкон сал, мындай тамак жаса" дей берчү. Анан бир күнү бетти сыйрып эле "атаке, капа болбоңуз, мен да тарбиялуу, көп нерсени билген үй-бүлөдөн чыккан кызмын" деп айттым. "Антип коноктун алдында мени уят кылбаңыз, конок келгенде чай койгонду мен деле билем. Келгендер конок үйгө киришсин, отурушсун, анан дасторконду салып чайын берем. Эшиктен киргенде эле оозуна чайды куя калбайм го. Сиз мени ыңгайсыз абалга коюп жатасыз" дегенмин. Ошол бойдон азыр таптакыр айтпайт, аралашпайт. Өз оюңду коркпой эле ачык айтышың керек".

"Менин кайнатам - менин адвокатым. Ар дайым мени мактап турат. Психология жактан күчтүү, маанайыма карап мамиле кылат. Тамак жасаарда дайыма эмне тамак жасайын деп сурап турам. Дайыма кызым деп мамиле кылат. Менин жумуштарыма киришпейт, бирок баарына баам салып турат. Эркек кишинин кийлигишкени жаман. Үйгө барарда акча берип турат. Айылда баары сыйлашат, сыйы менен жүргөн киши".

"Менин кайнатам алтын эле киши. Эч нерсесин бизден аябайт. "Эмне алып келип берейин?", "Эмне жегиң келип жатат?" деп эле сурай берет. Токсикоз күчтүү болуп жаткан маалда мени жесин деп ар нерселерди алып келип берчү. Бирок ошону жей алсам кана? Бар-жокту байкап турат, бирок мага айтпайт. Неберелерин да аябай жакшы көрүп карайт, көтөрөт. Бир эле жаман жагы бар, ичип алат".

"Менин кайнатам жакшы киши, ак көңүл. Анча-мынча нерсеге маани бербейт. Неберелерин аябай жакшы көрүп каралашат. Кызым деп кайрылат, кайненем башында "атаң убагында чайы даяр болуп, курсагы ток болсо жини келбейт" деп айткан. Ошондон бери үйгө киргенде эле чайын даярдап турам. Анан кээде ачуусу кармап калат. Баары жайында болсо да кынтык издеп калат, ошондой маалда эч кимибиз унчукпайбыз. Ачуусу тараганда кайненем жакшы сүйлөп аны жибитип коёт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazarkyl
2016-07-12 13:37:26
ичип алганы ле жаман экен,
+1
mamatkerim
2016-07-12 14:10:51
сурот каяктан алыныптыр менин абаларым го
+1
Munar8625
2016-07-12 15:32:08
Анда баарынар бактылуусунарго кеелиндер.
0
Medina87
2016-07-12 22:29:37
Раматылык менин кайнатам да аябай жакшы киши болчу,жаткан жери жайлуу,жургон жери бейиш болсун деп тиленем куран окуган сайын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан