Нарын жана Ат-Башы райондорундагы климаттык өзгөрүүлөр, анын элге таасир бериши боюнча изилдөөлөр башталат

Кечээ, 11-июлда КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кыргыз Эл аралык университетинин жана Америка Кошмо Штаттарынын университеттеринин илимий делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө илимий делегациянын жетекчилери Жеоффри Хенебери, Куанчинг Чы Нарын облусунун бийик тоолуу Нарын жана Ат-Башы райондорундагы климаттык өзгөрүүлөр, анын элге таасир бериши боюнча изилдөөлөр башталып жатканын маалымдашты. Жеоффри Хенебери аталган долбоор Американын Улуттук космос агенттиги - НАСАнын фонду тарабынан каржыланып, Кыргыз Эл аралык университетинин илимий кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп, 3 жылга созуларын айткан. Анын айтымында, акыркы 15 жылда Ат-Башы жана Нарын районунун жайыттарындагы өсүмдүктөрдүн өзгөрүүлөрү, тоолордогу кардын өзгөрүүлөрү космостон сүрөткө түшүрүлгөн. Бирок космостон тартылган сүрөттөр аркылуу так маалымат алуу мүмкүн эместигин маалымдап, изилдөөлөрдү жеринде өткөрүү зарылчылыгы келип чыкканын билдирген.

Куанчинг Чынын маалыматы боюнча, Ат-Башы районунун тургундарынын экономикалык абалы, миграциясы жана акча которуулары боюнча социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Салыштыруу ишин жүргүзүү үчүн бул долбоор Ош облусунда дагы өткөрүлөрүн кошумчалады.

Жергиликтүү бийлик тарабынан изилдөө иштерине тиешелүү жардамдар берилип, көзөмөлгө алынары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-07-12 15:30:10
Мага эле келгилечи мен айтып берем менде кандай өзгөрүү болду бир жыл ичинде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан