“Бишкектин тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” долбоорду ишке ашырууга 100 миллион доллардан 300 миллион долларга чейинки каражат керек". Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Сарпталган каражат түшкөн пайданын эсебинен 1-2 жылдын ичинде толуктала турганын баса белгиледи. Долбоорду каржылоого чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор тартылмакчы.
"Насыя алып бул долбоорду ишке ашырсак, алынган насыя бүткүл элдин мойнуна жүктөлбөйт. Кеткен чыгымдын орду 1-2 жылда эле кайра толукталат. Долбоорду ишке ашырууга болжолдуу түрдө 5 жыл убакыт коротобуз", - деди ал.
Текебаев ал үчүн акча, элдин колдоосу жана массалык маалымат каражаттарынын колдоо күчү керектигин белгиледи.
"Биз бул ишти президенттик шайлоо алдында же шаардык кеңешти шайлоо алдында алып чыгып, популисттик кадам жасап, упай топтоодон алыспыз. Муну коом үчүн жасап жатабыз. Алгач акча, элдин жана ММКлардын колдоосу керек", - деп айтты.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын Карпинский, Линейная, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген борбордук бөлүгүндө 1996-жылга чейин курулган курулуштарды сүрдүрүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Садык Шер-Нияз жана башкалар. Жаңы заманбап имараттарды куруу үчүн эскилиги жеткен үйлөрдү (менчигинин түрүнө карабай) жана имараттарды мэриянын балансына алып коюп, сүрдүрүү жолдору сунушталууда.
Долбоорго ылайык, менчик ээсине мүлктүн баасындагы компенсация төлөнөт. Бузула турган мүлктүн базар баасын мэриянын комиссиясы жана көз карандысыз компаниялар, баалоочулар аныктайт.