"Дипломдор базарынан адистик базарга өтүүнүн мезгили келди". Мындай билдирүүнү эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев адам капиталын өнүктүрүү маселесин талкуулоо боюнча жыйында айтып чыкты.
Анын айтымында, калктын 60 пайызы ишке жарамдуу. Анын 45 пайызын жаштар түзөт. "Биз бул капиталды туура пайдаланууну үйрөнүшүбүз керек. Бул үчүн Улуттук квалификациялык системди ишке ашыруу зарыл. Бул систем жумуш берүүчүлөр менен окуу жайларды бириктирип, эмгек акы менен адистикти шайкеш келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”, - деп белгиледи министр.
Адам капиталын өнүктүрүү маселесин талкуулоого мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жыйынтыгында жыйындын катышуучулары Улуттук квалификациялык системдин долбоорун жактырышты.