Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында илгерки тоолук Кыргыздардын жашоосун чагылдырган
иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан Мухаммедалы Эшназаров билдирди.
Маалыматка ылайык, Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз элинин көөнөрбөс улуттук каада-салтын чагылдыруу максатында театрлаштырылган көрүнүштөр аткарылды. Ага элдик өнөрпоздор, маданият кызматкерлери, айыл эли катышты.
Салтанатта 20-кылымдын соңку жылдарында жашаган тоолук Кыргыздардын жашоосу чагылдырылып, улуттук ат оюндары менен коштолду. Ошондой эле боз үйлөр тигилип, кыз узатуу, сеп даярдоо, чач өрүү салттары катышуучуларга көрсөтүлдү.
"Тарых жана маданият жылына арналган маданий иш-чара алгачкы жолу өткөрүлдү. Кийинки урпактарга мурас катары калтыруу максатында бул тарыхый окуя атайын тасмага түшүрүлдү", - деп кошумчалады Эшназаров.
Белгилей кетсек, аталган маданий иш-чара өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көзөмөлүндө өткөрүлгөн.