Индиялык 25 жаштагы Баблу аттуу жигит өзү чоңоюп-өскөн айылын колунун чоңдугунан улам таштап кетүүгө мажбур болгон. Ал гигантизм оорусунан жабыркайт, анын оң колунун салмагы 20 килограммдай. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт. Туугандары "анда азезил пайда болду" деп андан баш тартышып, үйүнөн чыгарып коюшкан.
Учурда ал Мумбай шаарында жаңы жашоо баштоого аракет кылууда.