Өлкө боюнча ВИЧ илдетин алып жүргөн 6730 адам бар. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына ВИЧ илдетин дарылоо боюнча усулчу Замира Тилекова билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 1-июлуна карата 6730 адам ВИЧ илдетин алып жүргөндүгү такталган. Алардын ичинен 566сы жаш балдар. Ал эми илдетти алып жүргөн 4244 адам эркек кишилер болсо, калганы аялдар.
Буга чейин 1449 адам СПИД оорусунан каза болгон.
"Илдетти алып жүргөн 6730 адамдын 50,1 пайызы ооруну жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алган. Ал эми 40 пайызы энесинен жуктурган балдар. Калган пайыздык көрсөткүчтөр ар кандай жол менен жуктуруп алгандардын катарын толуктайт", - деп билдирди Тилекова.
"Учурда жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аракеттери көрүлүүдө. Атайын тегерек столдор өткөрүлүп, лекциялар окулуп, спорттук оюндар менен ВИЧ илдетинин алдын алуу иштерин көрүп жатабыз", - деп кошумчалады Тилекова.