СУПЕРСТАН: "Турмушка чыгуу - менин фобиям"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмушка кеч чыгуу" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан автордун билдирүүсү:

"Мен турмушка чыга элекмин, чынын айтсам, турмушка чыгуу - менин фобиям. Ушул күнгө чейин жумушумду гана ойлоп келдим. Келген жуучулардын бирине да макулдук берген жокмун. Үйдөгүлөр болсо кулак-мээни жешти. Бул жагдайда кандай кылышым керек?"

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Жашыңар канчада? Турмушка чыгуудан коркпошуңар керек. Эгер ишеничтүү, көңүлүңөргө жаккан жигит жуучу түшүп келсе, макул болуп турмуш курганыңар жакшы болот. Баланын жыты, үй-бүлө куруу, менимче, эң сонун бакыт болуш керек".

"Аялзаты үчүн эң жагымдуусу кичинесинде ата-энесинин сүймөнчүк наристеси болуу болсо, чоңойгону - сүйүктүү жар жана бактылуу эне болуу. Анын сыңарындай, отурган кыз ордун тапса эле болгону. Автор, сиздин коркуп калганыңыздын себеби бардыр. Балким, жалаң көйгөйдүн үстүндө турмуш кургандар менен аралашып, кыйналгандарын көрүп фобия болуп калбасын... Жашыңыз деле турмуш курганга бышып жетилген убак экен. Менин айтарым, айланага башкача көз чаптырсаңыз, жыргал турмушта жашаган бактылуу жубайлар да көп, мага ишене бериңиз. Кудайдан "бактылуу балалыкка балкыган балдарымдын маңдайында бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган жубайлардан болоюн" деп тилеңиз. Жараткан сизге ошону насип эткен болсун".

"Мурда мен да турмушка чыккым келчү эмес. "Турмушка чык" дешсе, "Менин силерге оордугум тийип жатабы?" деп жаман көрчүмүн. Эх, ошол кезде турмушка чыккан өзүнчө бакыт экенин билгенимде он сегиз жашымда эле чыгып алмакмын деп күлүп калам. Автор, коркуунун кереги жок. Турмушка чыгып сүйүктүү жубай, ыймандуу келин, мээримдүү эне болсоңуз, анан мага окшоп мурун эле турмушка чыгып алсам болмок дейсиз".

"Менин эжем турмушка чыкпай жүрөт. Эки-үч жерге ала качышты, такыр эле жактырбай туруп алды. Өзү аябай сулуу, назик, татынакай. Жумушу бар, иштейт, аябай ойлонуп сүйлөйт. Кечинде жумуштан келгенден кийин көчөгө чыкпайт, балдар менен сүйлөшкөнүн деле укпайм. "Жигит менен деле сүйлөшпөйбү эмне?" деп биз абдан кыжалат болобуз. "Качан турмушка чыгасың?" деп айтып чарчадык, буга анын бир гана жообу бар: "буюрган күнү". Эгерде бизде Шапага окшогон бир мекеме болгондо сүрөтүн көтөрүп алып бармакмын".

Талкууга кошулгуңуз келсе,бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aziziko
2016-07-12 17:16:43
Куйоого тийсенер жыргайсынар кыздар
+7
Nureles92
2016-07-12 23:56:44
aziziko,сен жыргап аткан окшойсун ээ
0
birtanem
2016-07-12 18:24:01
Отурнан кыз ордун табат,жалгыздык бир кана Жаратканга жарашат!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан