Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти Борбордук Азия өлкөлөрүндө туризмди өнүктүрүү боюнча бирдиктүү аракет жасоону сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG`ге аталган департаменттин башчысынын орун басары Азамат Жунусов билдирди.
"Өлкөнүн кооз жерлерин чет элдик туристтерге көрсөтүү менен миллиондогон киреше табууга болот. Ошондуктан биздин департамент КМШдагы өлкөлөр менен биргеликте туристтик маршруттарды ыңгайлаштырууну сунуштады. Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан биригип бирдиктүү турпакетке кирүү маселесин көтөрүп чыктык", - деди Жунусов.
Туристтердин массалык түрдө келишине шарт түзүүгө багытталган мындай демилге 2017-жылы Орусияда талкууланмакчы. Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин сунушун ишке ашырууга аракеттер көрүлөрүн белгиледи Жунусов.
Маалыматка таянсак, 2015-жылы Кыргыз Республикасына 4 миллионго жакын чет элдик турист келген.