12-июлда "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайынын курулушунун пайдубалына капсула салуу аземи болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кытай Эл Республикасынын Куралдуу күчтөрү министрлигинин 519-курулушунун башчысы Ши Баоцан, Тайлак баатыр атындагы 2025-чек ара аскер бөлүгүнүн командири Майрамбек Исманалиев жана "Торугарт" чек ара заставасынын өздүк курамы катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
"Кытай Эл Республикасынын Куралдуу күчтөрү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 2008-жылдан берки сүйлөшүүлөрүнүн негизинде көзөмөл-өткөрүү жайынын курулушу ишке ашканы турат. Чек арачылардын кызмат өтөөсүнө жакшы шарт түзүлүп, эки өлкө ортосунда достук мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишеничтемин", - деди облус башчысы.
Курулуш иштери 6-7 ай аралыгында курулуп бүтүп, ишке берилери белгиленди.
Куттуктоо сөздөрүнөн кийин "Торугарт унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынын курула турчу ордунда кызыл лента кесилип, пайдубалга капсула салынды.