12-июлда саат 16:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айыл аймагынын Коргон айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Баткен-Исфана унаа жолун суу каптап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга байланыштуу унаа жолдо каттам убактылуу токтоду. Турак жайларга коркунуч жок. Сел агымы агып өткөндөн кийин жол каттамы кайрадан ачылган.
Ак-Терек айылында сел суулары 20 турак үйдүн короосуна кирип, 11 чакырым ички чарбалык жолду кум-шагылга толтурган. Портер үлгүсүндөгү 1 унааны сел кетүүчү сайдын ичинде турган жеринен агызып кеткен. Унаанын ичинде адам болгон эмес, жабыркагандар жок.
Кара-Суу айылында сел суулары 30 турак үйдүн короосуна кирип, 7 чакырым ички чарбалык жолду кум-шагылга толтурган жана 2 ички чарбалык көпүрөнүн астын сел жууп, авариялык абалга келтирген. 1 бала бакчанын ашканасына жана кампасына сел суусу кирген. Жол ачык.