Тышкы иштер министрлигинде Түркия аэропортундагы жардыруу маселеси талкууланды

Кечээ, 12-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз-түрк кеңешмесинин 6-раундунда консулдук суроолор каралды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар кеңешменин жүрүшүндө Түркиядагы Кыргыз мамлекетинин жарандарынын, Кыргыз Республикасындагы түрк жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасында кылмышка шектелип, бирок Түркиянын аймагында жүргөн кыргыздарды депортациялоо маселелери каралды.

Түрк тарап Стамбулдагы эл аралык аэропорттогу террордук акт тууралуу учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча керектүү маалымат берилери баса белгиленди.

Ошондой эле тараптар компетенттүү органдар эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчтөнтүү, Интерпол багыты менен кызматташууну активдештирүү керектигин айтышып, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Түркиянын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу жана түрмө дирекциясынын тыгыз кызматташуусу маанилүү экенин кошумчалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан