СУПЕРСТАН: "Эркектер зына иштерине барарда өз эже-карындаштарын ойлошот бекен?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер зына иштерине барарда өз эже-карындаштарын ойлошот бекен?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Зына иштерден ар бир эркекти Кудайым алыс кылсын. Мен ошондой учурлар тууралуу алдын ала ойлоном. Ошол кырдаалга жеткирбегенге аракет кылам. Менде да толтура карындаштар бар, аларды ойлойм. Анча-мынча жигиттерге таң калам, бизде карындаш жок деп эле кете беришет экен. Бул туура эмес нерсе, карындашы жок болсо келечектеги кызына зыяны тийип калышы толук мүмкүн. 3 мүнөттүк жыргал үчүн бир кыздын тагдырын талкалоодон алыс бололу. Башка кыздарды да өз эже-карындаштай сыйлайлы".

"Зынага барбаш керек, эгер бара турган болсоң, баары бир эжеңеби, карындашыңабы же бир тууганыңа кайтып келет. Мен зынага жологон эмесмин жана жолобойм дагы".

"Зына деген - бул карыз. Сен бүгүн зына кылсаң, ошол карызды эже-карындашың төлөп калышы мүмкүн".

"Зына кылба, зынаң эже-карындашыңдан кайтып калбасын" дегенди эркектерди зынадан тыюу максатында айтылчу сөз катары эсептейм. Себеби сен бүгүн бирөөнүн эже-карындашын бузуп жатасың. Эртең сенин да эже-карындашыңды башка бир эркек бузуп коюусу мүмкүн экенин унутпа".

"Эркектердин компаниясына кошулуп алганым туура эмес, бирок менин каршылыгым бар. Ушул маанидеги окуялардын аягы дайыма эркек жаман иш кылган болсо, сөзсүз жубайы же эже-карындашы жаман ишке кабылган болуп калат. Эмнеге? Ооба, жамандын кесепети демекчи, жамандын кылыгы көпчүлүккө зыянын тийгизет. Балким, ошол кыз-келиндер зынага такыр жологусу келбегендир. Балким, алар түз жолдо жүрүшкөндүр. Эмне үчүн жакын адамы зына ишке барса, алар дагы зына ишке кабылыш керек?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
mister_bond
2016-07-13 14:15:18
Эркеке да Кызга да ынсап берсин!
+6
kubat_73
2016-07-13 14:18:02
Эркек эле дей бербей аял да тыйыш керек тыйчу жерин.Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт
+7
Syper.kelin4ek
2016-07-13 14:25:12
Зына деген эмне?
+2
kubat_73
2016-07-13 14:29:04
Syper.kelin4ek,ойношчулук
+4
JENTELMEN
2016-07-13 14:36:45
Syper.kelin4ek, никесиз кошулуп шпили-пипили кылганды айтат! Жалпак тил менен айтканда никесиз улак чапкандарды айтат.)))
+7
Belek2070
2016-07-13 18:25:10
JENTELMEN, :-) вой бл жаман боорду эздин)))
+1
nazgul90
2016-07-13 14:46:23
Эркектер тыйса аялдарда тыят аял киши очошуп да кылат ошол ишти.
+4
djigit90
2016-07-13 15:56:43
nazgul90,99% аял кишиден, аял киши намыстуу болуп жалжандабай жон журсо эркек эч нерсе дей албайт. Аял киши таасирдуу жана бат алданат. Эркектер психолог болот аялдарды тез эле алдап коет. А намыстуу аялдан эркектер уялат, ага жакындабайт.
+2
rukopashnik
2016-07-13 14:59:54
эркегиңда аялыңда кыса турган жерибизди кыссак баары жакшы болот...
+4
ady-88
2016-07-13 15:08:53
Зынк кыстаган адам жок болуш керек.
+1
leilek_suluktu
2016-07-13 18:07:12
Болду тилим бар деп жаза бересинерби ыйманы бар адам эч качан зына жолго барбайт
+2
Belek2070
2016-07-13 18:31:54
Эми мурда барып жургонбуз копчулугубуз эле, жаштык кылып зына эмне экенин куноо экенин билбестик кылып билгенге чеин. Эми мынтип уйлонуп бала чакалуу болуп калгандан киин озун эле тыйылып калат экенсин. Менин кенешим суйуп уйлонгуло супсулуу болгон чуроктой суйгон аялын койнунда жатса зына жонундо ойлонуп да койбойсун барбайсындагы.
0
nazira1989
2016-07-13 22:33:04
Эркектер эже-карындашын,аялдар ага-инилерин ойлогондо ушундай зынакорлук деген балээ озу болбойт эле...((
0
mr.kyrgyz
2016-07-14 06:46:42
*ЛИМОН МЕНЕН АЯЛЗАТЫНЫН ОКШОШТУГУ*

Индустандык шейх, Ислам аалымы Хусайн Ахмад Маданий шакирттери менен бирге поездде бара жатса, бир англичан аялы менен чыгып, алардын жанынан орун алат. Бир топ адамдар айланасында кызмат кылып жүргөн аалымга таңданган англичан, анын ким экенин сурайт. «Бул белгилүү ислам аалымы Хусайн Ахмад» деп жооп беришет. Анын Ислам аалымы экенин билген англичан ага жакын келип:

– Азирет, мен силердин диниңердеги бир маселеге жакшы түшүнбөй жүрөм,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан