Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан №5-мектеп-гимназиясынын дубалына "Мен Бишкекти жакшы көрөм" долбоорунун алкагында тартылган алгачкы дубал граффитинин бет ачары болду. Аталган долбоор Кыргыз жериндеги "Сорос" фондунун жаштар программасы, Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда уюштурулган. Максаты - борбор калаанын коомдук, маданий аймагын жаштардын колунан жасалган искусство тармагы менен өнүктүрүү.
Долбоордун координатору Виктор Цой граффити тууралуу буларга токтолду:
"Биз атайын эл көп жүргөн, дароо көзгө урунган Токтогул, Шопоков көчөлөрү кесилишкен жайды тандап алдык. Бул долбоордун алкагында тартылган алгачкы граффити. Граффитини тартууда бир нече адам кеңешин айтып, жардам берип жүрүштү. Негизи, 3 адам толук иштеп бүтүрдү.
Эми эмне үчүн спортчу жигитти тандап алганыбызды айта кетейин. Баскетболчу жигиттердин мурда "Сен жасай аласың!" деген урааны бар болчу. Биз бул эмгегибиз аркылуу таштандыны атайын таштанды идишине таштоо үчүн спортчу жигит болуунун зарылдыгы жок деген ойду айтып, ошол нерсени көрсөткүбүз келди. Учурда шаарда таштандыны атайын жайга таштоодон эринип туш келди ыргытып салгандар бар. Бул көрүнүштү кантип чагылдырууну көпкө ойлондук. Жыйынтыгында баскетболчуну тандап алдык, себеби топту ыргытууда да тактык талап кылынат эмеспи. Ошентип спорт менен кошо таштанды маселесин да көрсөтө кеттик. Муну менен биз шаар тургундарын тазалыкты сактоого, таштандыны атайын таштанды салган идиштерге салууга үндөйбүз".