Вице-премьер-министр БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов өнөктөштүк боюнча башкы кеңешчи Виктор Загреков жетечилик кылган Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы жана ЮНИДО ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланганы маалым болду.

ЮНИДОнун башкы кеңешчиси Виктор Загреков Олег Панкратовго Кыргыз Республикасы үчүн Өлкөлүк өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды баалоо, ошондой эле 2017-2020-жылдарга карата Улуттук өнөр жайды өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү боюнча жетектеген миссиясынын милдет-максаттары тууралуу айтып берди.

"Биз туризмди өнүктүрүүгө, курулуш материалдарын өндүрүүгө, ошондой эле экспорт үчүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталган бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруусу боюнча ЮНИДОнун Кыргыз жериндеги ишине жогору баа беребиз. Кичи ГЭСтер боюнча долбоордун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Мунун баары Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын алкагындагы кызматташтык үчүн негиз түзөт", - деп белгиледи Олег Панкратов.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүнү макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан