"Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген жазуусу бар баннерлерди жеке билим берүү фондунун жетекчиси илдирген

Учурда интернеттеги социалдык тармактарда "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген жазуусу бар баннерлердин Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрүндө илингени коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынууда. Ал эми муфтият баннерлерди элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тапкан.

Бул окуя тууралуу мэрия баннерлер үчүн орундуктар жеке жарнамалык агенттиктерге берилгенин билдирип, аны илдирген адам менен байланышышканын кошумчалашты.

"Шаар боюнча андай 10 баннер илиниптир. Баннерлердин маани-мазмунун биз текшере албайбыз, себеби Жарнак департаменти өткөн жылы жоюлуп кеткен. Илинип жаткан жарнактардын мазмунун Мамлекеттик мүлк башкармалыгы жана Мамлекеттик тил комиссиясы көзөмөлдөйт. Ал баннер кыргыз тилинде жазылып, уяттуу эч нерсе жок болгондуктан, биз эч нерсе дей албайбыз, эч кандай мыйзам бузууну көрө алган жокпуз.

Баннерлер боюнча келишим түзгөн адам жеке билим берүү фондунун жетекчиси экени аныкталды. Анын айтымында, ал 5 маал намаз окуган мусулман. "Мен болгону патриот болуп, исламдын аркасы менен кыргызды унутпагыла деген оюмду айтайын дегем" дейт. Атын азырынча айта албайбыз", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (60)
damir_klg
2016-07-13 18:57:30
жарымыбыз Аравияны колдоп,Жарымыбыз Европаны колдоп дагы кырылышайли. озбек менен тажик, казактар ашуласин айтып кол чаап турсун.
+5
ken-shkol
2016-07-13 19:18:42
Эмне учун мини юбка кийген кыздарды тартпайт, кайда баратабыз деп. Же сигерет чегип тургандарды? Европанын кийимдерин кийип журошот, европалашып кетпейбизби деп?
+1
take220281
2016-07-13 19:39:47
ken-shkol,азыр мини юбкачандар минусту жайнатат, сандарын бултайтып алып))) атасынын, чоң атасынын алдыда да жүрө беришет алар жарым жылаңач.
+1
take220281
2016-07-13 19:37:36
Эгер бул баннерди чыгаргандар чын эле патриот болгондо жарым жылаңачтарды да жанына чыгармак. бул ачык эле байкалып турат анти Исламдык аракет экени, буларга акча төлөп душмандар атайын элди тозутуш үчүн жасашат.
+1
aash
2016-07-13 19:47:24
Чынында эле кыргыздар кайда баратабыз? Бир батышты, бир арабды туурап. Мен келме келтирген мусулманмын бирок кыргыздын каада салтын сыйлайм жана кыргыздын салттары кылымдан-кылымга улана бериши учун озумдун билгендеримди кичуу муундарга айтам, уйротом.
Банерге каршылыгым жок. Мен Кыргызмын!
+2
kona_bmw
2016-07-14 00:46:41
aash, сага да кашайм, тээ тиги досторуна жазганымды окуп койчу ээ... Патриот соройлор тойгоздунар! Аркы беркини ойлонуп анан жазгылачы сураныч...
-7
kubat_73
2016-07-13 21:00:38
Бул жерде динге карата каршы жасалган ишти коргон жокмун жон гана кыргыз кыргыз экенибизди унутпайлы деген эле кеп.Ал эми ашынган диний фанаттар озулору эле козутуп атат элди.Европалашып кетебиз деп коркосунар го андан коро арабдашып ашынган исламчыл диний мамлекет болуп кеткенден коркуу керек коруп атабыз го диний фанаттардын эмне кылып жатканын.Ал эми баннерде болсо ислам динине каршы эч нерсе жок экенин дагы бир жолу айткым келет
-3
kona_bmw
2016-07-13 22:07:04
"Арапташып баратабыз", "Кыргыз мындай эмес, тигиндей болчу" - деген кыйын кишилерге суроо бергим келди... Эгерде "арапташып кетебиз" - деп сарсанаа болуп жаткан болсонор билип койгула! Орто Азияга, анын ичинен Кыргызстанга Ислам дини 960 - жылы Караханийлер доорунда кирип келген. Кызыгы ошол мезгилден бери т.а XII кылымдан бери арапташпадыкго...?! Ал эми Орусия жана Батыш өлкөлөрүнүн биздин өлкө тарапка кирип келгенин карап көрсөм II эле кылым болгон туура! Бирок би
-1
kona_bmw
2016-07-13 22:08:57
Бирок биз эки кылымдын ичинде эле батышты туурап кеттик! Эмнеге?! Анализ кылып, ой жүгүртүп көргүлөчү эмнеге?! "Арапташып баратабыз", "Кыргыз мындай эмес, тигиндей болчу" - деген кыйын кишилерге суроо бергим келди... Эмнеге?! Эмнеге?! Эмнеге?!
-1
kubat_73
2016-07-13 22:35:21
Кызыгы ошол Караханийлерден бери келе жаткан кыргыздар нака кыргыздар болуп чала сабат болгон эмес ислам динин кабыл алса да улуттук ар намыс каада салт тилин саткан эмес азыркы чала сабат фанаттардай болуп ошон учун 12кылым болсо да арабташкан эмес.Макрух ширк хидаят деп араб созун хиджап дамбалын мода кылган эмес.
+5
aash
2016-07-13 22:43:02
kubat_73,Эн туура соз. Кошулам.
+4
kg-bala87
2016-07-13 22:59:24
kubat_73, туура айтасын улуттук кийимдин эмнеси кем
+5
kona_bmw
2016-07-14 00:10:16
kubat_73, кыргыз тили жана жалпы турк элдеринин тамыры бир, ошол турк тилдуу элдердин 30 % араб тилинен келген создор, Караханийлер убагында да ушул эле терминдер колдонулган, болгону биринчи дуйнолук согуштан кийин орустардын кысымынан унутканга айла калбаган.. Кытайлык кыргыздар менен Памрдеги жана Вандагы кыргыздардын суйлогонун уктун беле? Ошолор чыныгы кыргыздар, а сени менен мен саткын жана оомокыргыздарынын генин ташып журобуз, бат эле ооп Исламга каршы бир нерселерди ойлоп чыгарып.
-2
kubat_73
2016-07-14 01:22:56
kona_bmw,Анда ошол саткын кыргыз болгонун учун арабдын сакалын дамбалын колдоп атам де баракелде соз жок тууган кайым айтышпай эле койолу экообуздун тушунук эки башка болгон сон
+2
kona_bmw
2016-07-14 03:40:22
kubat_73, керек болсо сенин атын да Кубат арапча ат, буга эмне дейсин? Kuvvat - куч кубат кыргызчасы. Атынды Бокмурун же Кошой койуп ал, анткени анык арапча бул, ла хавла ва лаа куввата дегенде да кездешет.
-4
kona_bmw
2016-07-14 00:17:36
kubat_73, чала сабат деген созуно жооп бералбайсын, соз деп эле ар кимди обсуждать этпегин. Орто Азиянын алдынкы Аалымдарыбыз бар жана ошол Аалымдардын шакирттери бар, кайра эле тарых каталарын кайталап жыланачтар жана гейлерди колдой бер анда... Бул Аллахтын окуму, денени корсотконго болбойт деп Аллах окум кылып атат Куранда, булар быякта ар нерсени жазышат. Мусулман киши Исламды колдойт жана бул окуялар да сыноо, кимдин позициясы кандай экенин периштелер жазып аткандыр.
-5
kona_bmw
2016-07-14 00:28:57
kubat_73, арапча создор кошулуп атыптыр мейли, 70 жылда таза орус болуп калдын го? Кыргызча суйлой албай оз олкондо шылдын болдун го болгону 70 жылда. Кыргызстанда орусча билбесен жумуш таппай калдын го? Кочугу айрык европанын ыштанын кийип албадынбы? Эже карындаштарыбыз сойку болуп кетпедиби? Жыланачтанып алды го аялзаты.... Мусорлорго баласын таштаган болгонбу деги тарыхта? Деги никесиз зынакорлор болгонбу? Бул такыр туура эмес, ушунун баарын тушунуп туруп эмнеге дагы эле тантырайсынар деги...
-4
kubat_73
2016-07-14 01:18:31
kona_bmw,Мейли дейли сен укмуш окумал экенсин тарыхта кайсы кылымда кыргыз дамбал кийип паранжы жамынып журчу эле.Ошол сен чанып аткан 70жылдын ичинде кыргыз азыркыдан алда канча тартиптуу ыймандуу улуусун урматтап кичуусун ызаттап келген.Азыр мечит менен менен молдо коп кана ыйман ошол орусташкан кездегиден азыр сойку коп
+4
kona_bmw
2016-07-14 12:00:47
kubat_73, кайсы кылымда кийбеди? Мусулманчылыкты кабыл алган эл Исламдын шарттарын толук алган деген, Исламдын мунусун алам тигиниси жарабайт деген жок, чон энендин кокурогун корсотуп же кочугун корсотуп тушкон суротун кордунбу? Болгону келечек учун жооп беребиз!
-4
Valley.of.the.Wolves
2016-07-13 23:50:03
Европаны туураган жарым жылаңач кыздарды неге чыгарбайт?
+4
temirov76
2016-07-14 14:43:00
Valley.of.the.Wolves,туура айтасын,жанына ошондой кыздарды да кошуп койбоптур.
+2
bayaman9719
2016-07-14 05:23:57
5 убак намаз окуса ошого кеткен акчаны садака кылмак
-2
take220281
2016-07-14 05:48:52
Кубат73 деген ХХХ эч бир түзүк далил сүйлөбөй эле улам хиджаб дей бериптир. Мындай ХХХ бир деме түшүндүрө албйсың, бул өзү да ХХХ ХХХ болсо керек.
-3
kubat_73
2016-07-14 07:51:22
take220281,Сага окшогондорду ХХХ дейт
уч кун даваатка чыгып торт кун жумага барып
Факылдуусунгандарды. ХХХ деген созду баштапсын
анык ХХХ озунсунбу дейм корунгон
жерге кыпчылган бул жерде эркектер соз талашы
жатат уктунбу
+6
admin_portal
2016-07-14 09:50:20
kubat_73, жеке айтышуулар купуяга! Башка колдонуучуларды кемсинтүүгө тыюу салынат! 3 күн БАНга!
-1
admin_portal
2016-07-14 09:48:19
take220281, башка колдонуучуларды кемсинтүүгө тыюу салынат! 3 күн БАНга!
+2
jashtilek2
2016-07-14 06:02:27
Кайран эл кайда баратмак эле. Кайран эл акыйкатты таанып Аллах буйруган жолдо баратат. Мусулмандарга асылбай башка ыплас иштер мн жургондорду тыйып алышсын, ошолорго каршы жарнактарды чыгарсын. Ауратын жаап жургондун эмнеси уят. Тозокко отун болуудан коркушпайбы булар. Башка кыздын 1 тал чачын козун мн коргонун учун жооп бересин акыретте. Азыр 1 тал чач эмес бут денеси ачык жургондор канча. Коз акысын кантип берээр экенбиз? Анан дагы суйлоп коюшат кайда баратабыз деп.
-1
samatoff
2016-07-14 12:44:41
Бишкек ХХХ – Президент Алмазбек Атамбаев поручил руководителю Аппарата президента оказать финансовую помощь, чтобы баннеры с изображением девушек в национальной одежде и парандже были развешены по всему Кыргызстану.

«Давайте не будем путать культуры... арабскую, пакистанскую, другую. Это навязывание чужой культуры. У нас есть своя культура. У нас даже слова пытаются менять. Я Коран читал не один раз с ручкой в руках и ничего такого там нет. Не надо нам навязывать чужую культу
+4
samatoff
2016-07-14 12:51:38
ХХХ ХХХ ХХХ жакында мындай баннерлер бут Кыргызстанга илинет ))
+3
admin_portal
2016-07-14 13:38:23
samatoff, башка колдонуучуларды кемсинтүүгө тыюу салынат! 3 күн БАНга!
0
anonymous
2016-07-15 11:19:04
Арапташууга каршымын.сакал койуп дамбал кийип дамбал кийсеңиз сакал койсоңуз сүннөт сооп аласыз дешкенде кыжырым кайнайт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан