SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ысык-Көлүбүздүн түбүндөгү бизге жакпаган "баалуулуктар" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: rianna_1996).
Эс алууга барган адамдардын көпчүлүк учурда таштандыны көрүнгөн жерге таштап кетүүсү адатка айланганы коомчулукта байма-бай айтылып келет. Кыргыз жеринин бермети аталган Ысык-Көлдүн жээгинде да көӊүл ирээнжиткен таштанды маселесине туш болосуӊ. Жер бети эле таштандыга толбостон, эми көлдүн түбү да таштандыга толо баштаптыр. Кезектеги видеодо көлдөгү "Акун" жана "Солнечный берег" пансионаттарына жакын жерлерде текшерүү жүргөнү жана көлдүн түбүндө жаткан тоодой таштандыларды көрүүгө болот. Жадакалса пансионаттардын биринен канализациялык түтүктөр түз көлгө кошулганы айтылат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.