Бишкекте чарба өсүмдүктөрүн жайкы сугаруу иштери башталды

Бишкек шаардык "Тазалык" жана "Жашылдандыруу" ишканалары шаардагы чарба өсүмдүктөрүн жайкы сугаруу иштерин баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы жол четиндеги бак-дарактар, гүлдөр сугарылып, жол четиндеги чөптөрдү тазалоо иштери жасалууда. Мындай иштерди аткарууга 496 көчө тазалаган жумушчу, 38 атайын унаа тартылган.

Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарын жана конокторун калааны сүйүүгө, шаардын көркү үчүн эмгектенип жаткан кызматкерлердин эмгегин баалоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан