Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 14 миллиард 845 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 948 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 202 метр кубга жетүүдө.