Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция тарабынан тарыхый баалуулугу зор эл чарбасынын көргөзмө жетишкендиктери жайгашкан аймакта түштүк кореялык корпорация техникалык жана экологиялык мыйзамдарды одоно бузуп ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы билдирет.
Түштүк кореялык корпорация “Бишкек эркин экономикалык зонасы” ишканасынан убактылуу колдонууга алган 36,7 гектар аймакта мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп, “Эл чарабасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү” аттуу жайында көп жылдык бак-дарактардын 70 түрүн кыйып, 2000 чарчы метр жер кыртышын бузганы аныкталды. Буга карата экотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жеринде протокол, актылар түзүлүп, келтирилген экологиялык зыяндар эсептелип чыккан. Ошондой эле аталган жайда эч кандай уруксат кагаздары жок курулуштар курулуп, айрымдары бүткөрүлүп, тийиштүү мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат кагаздары жок ишмердүүлүк жүргүзүп жатышканы аныкталды.
Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кадырбек Саалиевдин айтымында, түштүк кореялык компаниянын мыйзамсыз иш-аракететтери толугу менен тастыкталды. Келтирилген экологиялык чыгашаларды толтуруу жана мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, аталган жайды баштапкы калыбына келтирүү боюнча мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрү белгилүү болду.