"Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы курулуш иштерине Кытай өкмөтү 42 миллион юань суммасында кайтарымсыз жардам көрсөттү. Маалыматты 14-июлда Кыргыздын мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Аталган көзөмөл пунктунун жакшыртылган инфраструктурасы Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына толук жооп берери жана Кыргыз-кытай чек арасынан өткөн жарандарга, автоунааларга жакшы шарт түзөрү айтылат.
Курулуш иштери Чек ара кызматы менен Кытайдын Коргоо министрлигинин ортосундагы аскердик кызматташуунун алкагында жүрүп жатат. "Эркеч-Там" пунктундагы курулуш иштери 2010-жылы бүтүрүлгөн.