"Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген жазуусу бар баннерлердин бири Бразилияда өтө турган Олимпиадага барчу кыргыз спортчуларынын сүрөтүнө алмаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мэрия шаар ичиндеги жарнак илинүүчү такталарды жеке жарнамалык агенттиктерге ижарага берет. Кечээ шаар ичинде пайда болгон "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген жазуусу бар баннерлер илинген такталар биздин ижарачы тарабынан башка ижарачыларга берилген. Ижарачынын маалыматына ылайык, учурда Ж.Абдрахманов-Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан баннер чечилип, анын ордуна Бразилияда өтө турган Олимпиадага барчу спортчулардын сүрөтүнө алмаштырылды. Калган такталар боюнча учурда маселе каралып жатканын билебиз", - деп билдиришти мэриядан.
Айта кетсек, кечээ шаар ичинде "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген жазуусу бар 10 баннер пайда болгон. Аталган баннерлер үчүн орундуктарды жеке жарнамалык агенттиктер аркылуу жеке билим берүү фондунун жетекчиси ижарага алганы белгилүү болгон.