Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы 14-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" жана "Солнечный берег" пансионаттары көлгө канализация аркылуу булганыч суу төгүп жатканы тууралуу маалыматтар тастыкталбаганын билдирди.
"Пансионаттардын көлдө түтүктөрү бар, бирок алар канализация эмес, аттракциондордуку. Көлдөн суу соруп алып, кайра көлгө куят. Мындан көл булганбайт. Пансионат аймагында суу тазалоочу курулмалар 2013-жылы курулган, агынды суулар ал жерден тазаланып бак-дарактарды сугарууга жумшалат. Ал эми экинчи пансионаттын агынды суулары Чолпон-Ата шаардык "Суу-канал" ишканасынын канализациялык насостук станциясына кетет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ интернетке Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандылар тартылган видео жарыяланып, суу түбүндө канализациялык түтүктөр жайгашканы айтылган эле.