Ош шаарында таза суу берүү 1 күнгө токтотулат

Ош шаарындагы көпчүлүк райондорду таза суу менен камсыз кылуучу түтүктүн алмаштырылып жаткандыгына байланыштуу таза суу берүү 1 күнгө токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда шаардык мэриядан билдиришти.

"Н.Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирип, Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна туш келген таза суу түтүгүн алмаштыруу зарылчылыгы турат, андыктан 17-июлда түнкү саат 00:00дөн 18-июль, түнкү саат 00:00гө чейин таза суу берилбейт. “Ош шаардык суу-канал” муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан, мекеме-ишканалардан таза сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт. Суу токтогон учурда “Ош шаардык суу-канал” ишканасы калк жыш жайгашкан конуштарга суу ташуучу унаалар менен суу жеткирүүнү колго алмакчы. Таза суу аймактык кеңештер аркылуу арыздын негизинде жеткирилип берилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, таза суу берүү Манас-Ата жана Курманжан датка аймактык кеңештеринде өчүрүлбөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан