Транспорт жана жол министрлиги "Ысык-Көлгө барчулар, унааны шашпай айдагыла" деди

Транспорт жана жол министрлиги Балыкчы-Чолон-Ата-Корумду унаа жолунун 47-76 жана 81-83-чакырымдарында оңдоо иштери жүрүп жатканын айтып, жолдун аталган бөлүгүндө айдоочуларды автоунааларын шашпай айдоого чакырды. "Туристтик сезон кызып, автоунаалардын каттамы көбөйгөндүктөн, министрлик айдоочулардан жолдо шашпай жүрүүнү жана унаалардын ортосундагы аралыкты сактоону өтүнөт. Жол жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн жол оңдолуп жаткан аймакта сак жана этият болууну айдоочулардан суранабыз", - деп билдирет министрлик.

Сезон маалында жолдун оңдолуп жатышына коомдо нааразылар көп. Өкмөт күзүндө өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулуш иштерин бүтүрүүнү көздөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан