SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Башка менен өбүшкөнүм үчүн күйөөм мага өлүмгө өзүм барчу жаза берди" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан автордун билдирүүсү:
"Биз борбордо турабыз. Эки кызыбыз бар. Материалдык жактан баары тең жакшы. Мындай жашоого акыл токтотуп калганда баш кошкон жолдошум менен бирге жеткем. Күйөөм Сабыр атына заты жарашкан мүнөзү менен менин жүрөгүмдү багындырып алган. Сабыр менен алгач таанышканда эле оор басырыктуу, токтоо, сылык мүнөзүн жактыргам. Баш кошкондон кийин эки кызым удаа төрөлдү. Сабыр өзү жалгыз иштеп бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Күйөөмдү таң эрте ишке узатам, күн бою саат санап жолун карап күтөм, кечинде конок күткөндөй жаркын маанай менен тосуп алам. Бул мага бакыт болчу. Бирок күнү бою аны сагынып күткөнүм акталбай ал келгенде шаабайым сууп отуруп калчумун. Анын келип алдына койгон тамагымды үн-сөзсүз ичип, сыналгы көрүп же гезит окуп, анан уйкуга кеткени мени туталантчу. Мен болсо ал келген соң шашпай тамактанып, анан үй-бүлө катары жай маек куруп отурууну, ага эркелөөнү кыялданып, бирок эч ага жетпей койдум. Жумуштан чарчап келди го деп аны түшүнүүгө аракет кылып уктап эс алуусуна шарт түзүп бергеним менен, өзүмчө буулугуп ыйлап да алчумун. Башка бирөөсү бар го деп ойлойт чыгарсыз, бирок мен ага жүз пайыз ишенем.
Кичүү кызыбыз чоңоюп калганда бала бакчага берип, ишке кирдим. Жолдошума ооз ачпаганым менен, анын бул мүнөзүн өзгөрткөнгө, биздин мамилени оңдогонго аракет кылып өз алдымча жолдорду издеп келдим. Өзүмө жакшы көңүл буруп, формамды бир калыпта сактап, жалаң жолдошума карап кийимдин жакшысын кийип, күзгүгө күйөөм үчүн карандым. Бирок ал менин мындай аракеттериме баам салып, кызыгып да койгон жок. Анын көңүлүн бурдурсам деген аракетте чачымды жасатып, сулууланганымды ал аялдардын кадимки кыла жүргөн иши катары кабыл алчу. Мындай аракеттерим үч жылдай созулуп, деги эле өзүм күткөндөй мамилеге жетпедим…" (Окуянын башы гана жазылды)
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Күйөөсүнүн көңүлү жок болгондуктан, аялы чечкиндүү кадам кылышы керек деп ойлойм".
"Ушундайларды көрүп, угуп жүрөм. Аялдарга кичине болсо да көңүл буруп коюшу керек да. Эркектер менен аялдар бирдей эле болуп калды. Мурда мындай нерселерди эркектер гана кылса, азыр айырмасы жок болуп калды окшойт. Эркек үйүнөн көрбөгөн нерсени четтен, башкадан издей баштайт экен. Мен да бир эжеден ушуга окшош окуяны укканмын. Бул учурда түшүнүүгө аракет кылдым. Кудай ушундай нерседен сактасын".
"Аял деген гүл сыяктуу. Канчалык жакшы карап, көңүл бөлсөң, ошончолук ачылат. Ошондой эле андай сүйүүнү, сыйлоону баалаганды билбегендери да арбын. Кыскасы, жашоо ушундай".
"Күйөөсү көңүл бурбаса, өзүн кыйнап жашап эмне кылат? Ажырашып кетиш керек, ал болбосо башкасы менен бактылуу жашап кетет. Күйөөсүнөн таппаган жылуулукту башка адамдан издеди да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.