СУПЕРСТАН: "Ата-эне балдарынын чөнтөгүнө карап мамиле кылган заман келдиби?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ата-эне балдарынын чөнтөгүнө карап мамиле кылган заман келдиби?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Менимче, мындай болушу мүмкүн эмес, ата-эне үчүн бардык балдары бирдей болсо керек. Тескерисинче, чөнтөгү жука, алсызыраак баласын аяп турушат эмеспи".

"Тобо кылдым, мындай күнгө калбайлы ылайым. "Бирок" деген жери бар, жашоодо ушуга окшогон көрүнүштөрдү көрүп эле жүрөбүз. Мындай сөз эч качан өзүнөн өзү чыкпайт. Балким, өз жашоосунда же чөйрөсүндө көрүп жүргөндөр айтып жатышкандыр. Менимче, мындай чоң айыпты ата-энелерге карата койгонубуз аларга орой болуп калат".

"Ата-энени балдарынын акчасына карап мамиле кылат деп айтууга мүмкүн эмес. Мисалы, апам мени менен көп акылдашат, мага көп нерсесин айтат. Сиңдиме анча айта бербейт. Мен апамдарга акчалай деле жардам көрсөтпөйм. Бул ата-эненин жөн эле балдарына болгон мамилеси. Аны акчага салыштырууга болбойт. Апаны кимдир бирөөсү жакшы түшүнөт, кимдир бирөөсү өтө эле кабатыр кылат. Ушуга окшош себептерден улам ага айтпай эле коюусун туура көрөт. Балдарынын бирөөсү чыйрак, эпчил болот, ошону менен акылдашат".

"Таң калгыбыз келбегени менен, бул ачуу чындык. Бардык ата-эне дегенден алысмын, бирок ошондойлор да бар. Жөнөкөй мисал, азыр кээ бир ата-энелер үйүндө кимиси жакшы тапса, "бизди ушул багат" деп ошонусун алып калышат. Мен угуп, көрүп эле жүрөм мындайларды. Мындай нерсе биздин үй-бүлөдөн алыс болсун деп тилейм. Менин ата-энем баарыбызга бирдей мамиле кылат".

"Азыр акчаны көбүрөөк тапкандын сөзү да өтүмдүүрөөк болуп калды. Ата-эне эле эмес, бир туугандар да улуунун эмес, көп тапканынын айтканын көбүрөөк кылып турушат. Мындайча айтканда, ким көп тапса, бир туугандардын арасында ошол абройлуураак болуп калды".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Lolo_pepew
2016-07-14 17:03:45
Эч ишене албай турам. Кыргыздарла мындай болушу мумукун эмес. Же айланамды байкабай атамбы
-1
Ayka1994
2016-07-14 17:11:21
мындай болушу мумкун эмес
-1
chyngyz-40
2016-07-14 17:23:30
Ayka1994, бундай корунуш толук болушу мумкун балдарынын уйун сатып уйсуз калтырган эл козуно жаман корсоткон ата энелер да бар
+6
salihalady
2016-07-14 17:50:43
Тилекке каршы андай ата-энелер коп,Самара Каримова деле айтты го,алты эжем болсо да апам мени менен кенешет деп
+9
Durdana
2016-07-14 22:33:06
salihalady,хахаго бирок мааниси шого эле барат экен айткан созу
+2
asha302
2016-07-14 18:14:11
Жашоодо боло берет мындайлар. Баардык эле ата-энелер ак эмес да. Ал эми акча көп нерсени чечип калганы чындык.
+7
Zynk.kg
2016-07-14 19:29:17
Баласын итке салып таштап кеткен ата энелер болуп жаткандан кийин койо бересин бул жагын.
+4
shirinai
2016-07-14 21:34:28
Бул чындык. Баары эмес, бирок, эл ичинде андайлар бар. Менин кайненем кичуу кызы бай жашайт, чону.....
Бай кызы менен коп суйлошот, акылдашат. Чону менен кээде эстегенде тынч болсонор болду да деп суйлошуп койот.
+4
beki.kg
2016-07-14 22:20:02
Тооба кылдым кантип эле ушундай тема ачтынар.
-2
aianaaiana
2016-07-14 22:39:00
Жаманбы жакшыбы уурубу байбы кедейби баары бир ал сенин ата энең
-2
Ais07
2016-07-14 22:44:28
Аллахым озу сактасын. Бирок, кошоматка кой соёт дегендей, берип эле турса ошонусу мн жакын болгондор да жок эмес.
+4
barsa30
2016-07-15 01:00:11
жуздон беш пайызы болушу мумкун .ата энелер кобунчо алсыз балдарына жан тартат ,алдуулары озулор эле арабасын тартып кетишет и ата энесинеда жардам берет
0
sagunur2016
2016-07-15 01:50:36
Токочтуу бала суйгунчук
+2
temirov76
2016-07-15 07:38:56
Негизи бир уйбулодо бир бала же кыз зирек болуп осот дейт,ал зирек болгондон кийин ата эне ошону м.н акылдашып иш жургузуп калат,ал бир туугандарын да уйбуло маселелерин да чечууго жондомдуу болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан