Бүгүн, 14-июлда Ош облустук мусулмандар казыятында 2016-жылдагы ажылык сапарга зыяратчыларды коштоп баруу үчүн сынактын негизинде тандалып алынган 19 ажы башчыга жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйында облус казысы 2016-жылдагы ажылык сапарга болгон даярдыктар боюнча тиешелүү милдеттенмелерди түшүндүрдү. Мындан сырткары облустагы зыяратчыларды ажы башчылары үчүн тайпага бөлүү аркылуу, муфтияттын буйругуна ылайык, 2016-жылдын 24-июлунан 30-июлуна чейин зыяратчыларды тиешелүү медициналык эмдөөдөн өткөрүү тапшырмасы коюлду. Ошондой эле 2016-жылдын 18-июль күнү саат 10:00дө Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” мечитинде муфтий Максатбек ажы Токтомушев тарабынан сынактын негизинде тандалып алынган ажы башчыларга атайын лицензиялар тапшырылып, түшүндүрүү семинары уюштурулары эскертилди.
Жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын дин иштери боюнча башкы адиси Айтмат Азамжан уулу жана казыят кызматкерлери катышышты.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын август айынын орто ченинен баштап Ош облусунун аймагынан ажылык сапарга 1255 жаран аттанат жана 49 жарандан турган атайын топту 1 ажы башчы коштоп барат.