Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ювеналдык юстиция боюнча Ведомство аралык координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан 14-июлда билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин окуучулары, "Укук бузуу, кылмыш, жоопкерчилик" окутуу программасын киргизүү, колонияда жаза өтөгөн жашы жете электер үчүн социалдык реабилитациялоо жана реинтеграциялоого тийиштүү маселелер талкууланды. Жыйындын катышуучулары Бишкек шаарындагы "Жашы жете электердин иши боюнча сот адилеттиги тутумунун модели" долбоорунун жыйынтыктары менен тааныштырылды.
Гүлмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин адвокат-ыктыярчыларын окуучуларга укуктук билим берүүгө тартуунун натыйжалуулугун белгилеп, аталган окутуу программасын өлкөнүн бардык аймактарында киргизүүнү сунуштады.
Вице-премьер-министр Координациялык кеңештин ишинин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгындагы жана Ленин райондук сотунун имаратындагы кылмыш курмандыктары, күбөлөрү эсептелген, мыйзамга байланыштуу көйгөйү бар балдарды күтүү жана суракка алуу боюнча атайын бөлмөлөрүн кыдырды.
Кыргыз өлкөсүндө 2014-2018-жылдарга карата Балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын жана Бишкек боюнча ювеналдык юстиция тутумун моделдештирүү боюнча долбоорду пилоттоо алкагында сот адилеттүүлүгүн күтүүнүн узакка созулган процессиндеги балдарга жылуу маанай камсыздоо үчүн атайын күтүү бөлмөлөрү түзүлгөн.
Кыдыруу учурунда Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова маалымдагандай, жашы жете электер менен тажрыйбалуу адистер иш алып барышат, алар такай окутуу тренингдеринен өтүп турушат. Ушундай эле бөлмөлөр Бишкек шаарынын төрт райондук ИИБинде бар.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында Бишкекте мыйзамга каршы иш кылган 160 бала катталган. Алардын 10уна коомдон четтетилбеген, альтернативдик жаза берүү чаралары колдонулган.
Белгилей кетсек, бөлмөлөр техникалык жабдуулар, чакан китепкана, оюнчуктар, маалыматтык дубал гезиттер, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укктуу мамлекеттик орган кызматкерлери, психологдор, адвокаттар, педагогдор жана ата-энелер үчүн тийиштүү адабияттар менен жабдылган.