Франциянын Ницца шаарында 14-июлда теракт катталып, андан 80дей адам каза тапса, 120дай адам жаракат алган. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун арасында кыргыздар бар же жоктугун тактап жатканын мекеменин маалымат кызматы 15-июлда билдирди.
Окуя эл Бастилиянын алынган күнү улуттук майрамын белгилеп жаткан учурда орун алган. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу унааны эл топтолуп турган жайда айдап, бир тобун тебелеп кете берген. Айдоочу полиция кызматкерлери тарабынан атылып өлгөндө гана унаа токтотулган. Франция бийлиги бул окуяга террорчуларды айыптоодо. Ал эми каза болгондордун көпчүлүгү жаш балдар экени айтылууда.