Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин онлайн режиминде отуруму өткөрүлдү. Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, отурумга министрликтин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле министрликтин аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандардын кайрылуулары, жарым жылдыкта коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылган иш-аракеттер жана башка түрдүү маселелер каралды.