Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6 ай аралыгында 4367 турак жайды жаратылыш кырсыктарынан сактап калган

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6 ай аралыгында 4367 турак жайды жаратылыш кырсыктарынан сактап калган. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда аталган министрликтин онлайн отурумунда айтылды.

Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында аткарылган иштердин алкагында 4367 турак жай, 2919 гектар айыл чарба жерлери сакталып калган.

Иш-чаранын жүрүшүндө 3 мектеп, 1 медициналык пункт, 1 мечит, 1 мончо, 23,9 чакырым ички чарбалык жолдор, 1 базар, 1 трансформатор, 1 ФАП , 3 даана ички чарбалык көпүрө жана 1 таза суу насостук станция корголуп калынганы айтылды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун катышуусунда аймактык башкармалыктар менен биргеликте онлайн отурум өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rasul1987
2016-07-15 13:44:25
Азаматтар.
+1
Bayjigit83
2016-07-15 16:38:41
Далил менен айтышса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан