SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөсүнүн туугандарына эшигин жапкан аял" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан автордун билдирүүсү:
"Биз беш бир тууганбыз. Төрт кыздан кийин көргөн уулубуз деп ата-энем инибизди аябай жакшы чоӊойтушту. Эже-сиӊдилер да "жалгыз инибиз" деп эркелеттик, окуттук, акыры өзүнүн теӊине үйлөндүрдүк. Алгач атам, андан кийин апам бизди таштап о дүйнөгө кете беришти. Мына ушундан кийин иним менен келинибиздин бизге болгон мамилелери өзгөрүп кетти. Себебин билсек, алар бизди мурас талашат деп ойлошуптур. Биздин мурас тууралуу такыр оюбуз жок болчу. Ата-энемдин үчүлүгүнөн кийин туулуп-өскөн үйүмө бардым. Элди чакырып ата-энеме куран окутуп коёюн деген максатта барганмын. Келиним суз кабыл алды. Келген максатымды түшүндүргөн болдум. Келиним "эже, биз ал күнү үйдө болбойбуз, өзүӊүздүн үйүӊүздө өткөрсөӊүз деле болот го" деп жооп берди. Унчукпадым. Иним экөөнүн ортосуна от жакпайын, менин айымдан урушпай тынч жашашса болду деп артыма кайттым. Үйүмө жеткенче ыйлап келдим. Кайтып баргым келбеди. Кээде чоӊоюп өскөн үйүмө, ата-энем жашаган үйгө баргым келип сагынам. Андайда көчөбүздүн башында туруп үйүбүздү карап ыйлап алам".
"Аялын башкара албаган инисинде да айып, келини да акылсыз жан экен. Кыз деген төркүнгө конок болот, анда-санда бир келгенде жылуу тосуп алып жакшылап сыйлап узатыш керек".
"Экөө теӊ күнөөлүү, келинге эмес, инисине айтып көрсө болмок. Кантсе да куранды ата-энесине окутуп жатпайбы. Маселени келинге айтып отурбай эле иниси менен жакшы сүйлөшүш керек. Кыз бала төркүнүндө мейман. Азыркы заманда адамдар байлык деп эле калышты, өз үйү жок болсо "качан келип алат..." деп келиндер (айрымдары) күйөөсүнүн бир туугандарына жаман мамиле кылышат".
"Келинине эмнеге келгени тууралуу айтуунун кереги жок болчу. Иниси менен сүйлөшүп, ата-энесине куран окута бербейби. Ошон үчүн "аялды башынан, баланы жашынан" деген сөз бекеринен айтылган эмес".
"Келининин башына түшкөндө кайнежесин түшүнөт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.