СУПЕРСТАН: "Сүйгөнүм башканы жактырарын билип турсам да, өз сезимимден кайта албадым"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сен сүйгөн адам башканы жактырарын билип турсаң да, өз сезимиңден кайта албасаң эмне кылуу керек?" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан автордун билдирүүсү:

"Менин жакын досум кичинесинде таежеси жашаган айылдан бир кызды көрүп жактырып калган экен. Досум ошол кызды көрүш үчүн эжесин шылтоолоп ошол айылга көп барат. Ал кызды өтө катуу сүйөт, кыз досумдун ага болгон сезимдерин билет. Бирок экөө телефон аркылуу сүйлөшүп калса, жигити жөнүндө айта берет экен. Досум ошолорду угуп отуруп деле өчүрүп койбойт. Ал кыз атайылап айтабы билбейм, балким, көпкө сынап жүрүп, анан сүйлөшүп калабы? "Балким, жигити жок, ал мени эле сүйгөндөй сезиле берет" деп досум көп айтат".

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Досуң бир азга байланышпай турсун. Кыздын досуңа чындап сезими болсо өзү издеп калат чыгар".

"Досуңдун ордунда болгонумда ал кыз менен мамилени үзүп коймокмун. Ушунчалык сүйөрүңдү далилдеп турсаң дагы башкага кете берген кыздан эмнени күтсө болот? Ал кыздын жашоосунан чыгып кеткени жакшы го. Досуң ага керек болсо, аны кичине болсо да сүйсө, антип жигити жөнүндө сөз кылмак эмес".

"Сүйбөгөнгө сүйкөнбөсүн да. Досуңуздун көзүн май басып калганбы же сүйүү адамды ушундай акыбалга жеткирип коюшу мүмкүнбү? Ансыз жашай албайт беле? Жашай берет, буга чейин деле жашап келген! Бул жөн гана балалык сезимдери да. Мындайча айтканда, тоок сүйүү".

"Досуңуз ал кызды чын эле жактырган болсо артка чегинбесин. Акырына чейин күрөшсүн. Балким, кыз аны сынап жаткандыр. Досуңузду өзүнөн алыстатуу үчүн ошондой жол тутуп жаткан учурда да, досуңуз азыркы калыбынан жазбасын. Кызга жакшы мамиле кыла берсе, балким, кыздын да ою өзгөрүп, досуңузга жылуу сезимдери ойгонор".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
DNurgiza
2016-07-17 15:15:59
ммм.....балким...бирок....ошентсе да бир жооп алыш үчүн, сезимин билдирип көрүш керек. башкача айтканда убакытты өткөзбөй алга кадам ташташ керек
0
saian.00
2016-07-17 15:57:07
Сезимин коп билдирген да
-1
Dinislam_kg
2016-07-17 17:52:44
Өзү жакшылап ойлонуп эмнени туура көрсө ошону жасаш керек бирок өкүнбөй турган болуп...
0
koshterek
2016-07-18 07:22:43
Kargaga tenelem dep kazdyn butu synyptyr bolupturda al kyz ech kachan suyboit dosunuzdu bashka suyuu izdesin suyuu kelet ten teni menen al kyz dosunuzga ten emes temizge jygachty svarka kyla albaitko
-1
zamandash
2016-07-18 08:44:16
чынын айтсам экоонун тен башы жок экен.жигити болсо кыз неге суйлошот? бала деле билип туруп неге суйлошот?
-1
saian.00
2016-07-18 13:04:57
zamandash,Кыз жигит катары суйлошот дейсинби мамилеси барда
0
Kunbeken
2016-07-18 18:18:27
Суйбогонго сойконбош керек жакшысы ушу жигитим бар десен да же кызым бар десе да суйлошкон эч созго тушунбой жабыша бергендерге кыжырым келет. Эгерде конулу болгондо досунузду жоготуп алуудан коркуп ар кайсыны(жигитти жонундо) суйлой бербей болчу, конулу жок экен эрки кучтуу болуп ал кыздан бащ ьартуу керек. Убакыт отушу мененн созсуз унутат анан "мойнунан жетелеген иттей" болуп жургон экенмин тобоо ошончо мени басынтса да деп окунуп калат откон догу кылган кылык жоругунан озунун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан