Бир үлгүдөгү кийим кийген ийгиликтүү инсандар

Социалдык тармактарда өлкөбүздүн президенти Кыргыз жергесине келген конокторду "Ала-Арча" резиденциясына алып барган сайын бир эле кийим менен барарын жазып, талкууга алышууда. Мындай талкуу буга чейин да болуп келген. Мурдагыларында көпчүлүк терс оюн айтышса, бул ирет президентти мактагандар көп.

Дүйнө жүзүндө ийгиликтерди багынткан кээ бир инсандар бир эле үлгүдөгү кийим кийишет. Алардын катарына "Facebook" социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг, "Apple" компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс, АКШнын президенти Барак Обама, окумуштуу Альберт Эйнштейн, "Chanel" фирмасынын креативдүү директору Карл Лагерфельд, "Интерстеллар" тасмасынын режиссёру Кристофер Нолан кирет.

Марк Цукербергдин кийими жадатма болушу мүмкүн, бирок анын айтымында, бир эле футболканы кийүү жумуштагы башка маанилүүрөөк иштерге көңүл бурууга жардам берет.

"Чынында, мен күндө ойгонуп, миллиарддан ашуун адам үчүн кызмат кылганыма бактылуумун. Кийим тууралуу каяктагы болбогон ойлорду ойлонуп, өз ишимди мыкты аткарбай жаткандай сезем. Мен жашоомду керексиз нерселерден тазалагым келгендиктен, коомчулукка кызмат кылуудан башка иштер тууралуу чечимдерди аз кабыл алууга аракеттенем", - деп айткан Цукерберг 2014-жылы.

Ал көптөгөн майда көйгөйлөргө күчүн кетиргиси келбейт. Анын гардеробу боз футболкалар менен көк жынсы шымдарга толгон. Күндө эртең менен эмнени эмне менен айкалыштырып, кайсы кийимди кийишти ойлонбой кийип кете берет.

Мындай адамдар күнүмдүк маселелерге караганда убакытын жумушка бөлүүнү туура көрүшөт.

Стив Жобс ар дайым кара водолазка, көк жынсы жана "New Balance" кроссовкаларын кийген. Ал бир гана өзү эмес, кызматкерлерин да бул трендге көндүрүүгө аракеттенген. Жобс компаниянын кызматкерлери үчүн атайын форма киргизүүнү каалаган, бирок алар каршы болуп коюшкан. Анын өзүнө бул идея жаккандыктан 100дөй даана даярдатып алган.

АКШнын президенти Барак Обама дагы же көк, же боз костюм кийип жүрөт. Цукербергдей эле олуттуу маселелерге күчүн сактап коёт.

"Мен эмне жеп, эмне кийип жүргөнүм тууралуу ойлонгум келбейт. Менин көңүлүм андан да маанилүүрөөк башка нерселерге бурулушу зарыл", - деген Обама.

Бул анча деле таң каларлык эмес. Көптөгөн саясатчылар негизинен көк же кара костюм кийишет.

Көптөгөн адамдар Альберт Эйнштейнди да бир эле фасондогу кийимди кийген деп айтып келишет. Бирок анын биографиясын изилдеген окумуштуулар бул сөздөрдү жалган дешет.

"Chanel" фирмасынын креативдүү директору Карл Лагерфельд өзүнүн "униформасын" тандап алган. "Униформасы" пиджак, шым, жилет, төйнөгүчү бар галстук жана 1970-жылдардагы шиш тумшуктуу ботинкадан турат. Кээ бир аксессуарлар 10 жылда бир кошулганы менен, "униформасынын" негизги базасы алмашкан эмес. "Chanel'дин" директору болуу үчүн сөзсүз түрдө мода артынан түшүүнүн кажети жок.

Ошондой эле күндө жаңы кийим тандоону энергияны себепсиз жоготуу деп эсептегендердин арасында "Интерстеллар" тасмасынын режиссёру бар. Ал каралжын пиджактын астынан жакасы сүрүлгөн көк көйнөк, астына жукарып калган кара шым, бутуна бышык ботинка кийип алат.

Бул тизмеге кандайдыр бир деңгээлде өлкөбүздүн башчысы Алмазбек Атамбаевди да киргизсе болчудай. Себеби бул маалыматтын башында жазылган.

Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен 2015-жылдын 5-августунда "Ала-Арча" резиденциясында.

Орусиянын премьери Дмитрий Медведев менен ушу жылдын 7-июнундагы жолугушуусу.

Кечээ, 14-июлда президент Ала-Арчага Германиянын канцлери Ангела Меркелди өзүнүн үй-бүлөсү менен алып барды.

Мода индустриясынын өнүгүүсү менен биргеликте 10дой гана негизги кийим бар капсулдук гардеробдор популярдуу болуп бара жатат. Ага көбүнчө бай жана ийгиликтүү адамдар кайрылышат. Анткени андай гардероб менен чечимди аз чыгарууга, убакытты жана каражатты үнөмдөөгө мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
jasgul
2016-07-16 10:22:12
Мага жакты костюму. Кийим эмес андан башка маанилуу маселелер толтура...
+9
birtanem
2016-07-16 10:34:51
Мага жакты!
+4
Beksultan-007
2016-07-16 10:38:13
Ар Бир нерсенин озунун жайы барда. Президентибиздин стили жакпайт.дайыма озуно чон,шалбыраган костюм кийет. Ала арчадагы курткасын дагы алмашиырып ,озгортуп эле кийсе болмок. Жонокой корунгусу келет окшойт
-7
Urmat_83
2016-07-16 11:05:07
Озу кайра кайра улуттук кийим кийиш керек деп айта бербей.Жок дегенде калпак кийип албайбы
+1
Patriot..kg
2016-07-16 12:00:22
Urmat_83, спортивка менен калпак кийип алса болот бекен?
+10
bolush11
2016-07-16 17:38:05
Patriot..kg,болбогондочу! Ким айтты болбойт деп?
-1
jalalabad93
2016-07-18 05:53:53
Patriot..kg,спортивный кийим менен ак рубашка кийип жатпайбы боло бернт))
-1
ilim07
2016-07-16 11:50:04
Менин да бир шым бир футболка бир батинкем бар жуубай жыртылганча кийэм жыртылып калса жамап кийем хаахаа тамаша
+1
Pandora
2016-07-16 11:59:31
Жонокойлук дачеги менен да,мектеп окуучусу да спорт кастюмдун ичинен ак жакалуу койнок кийбейт.Бир норм.форманы тандап алсында ошону армансыз чечпей кийсин.Ар дайым озуно чон кастюм,узуун галстук менен журот
+4
shamilaisan
2016-07-16 12:35:48
Мен колдойм ар дайым адам жөнөкөй болуш керек
+3
ofcourse
2016-07-16 13:02:52
Озуно жакса болдуда
+2
kyalbek
2016-07-16 14:19:41
Окуп отурсам,кандайгана баарын акылдуусун антип кийинсе болмок,минтсе болмок деп Президентибиздин кылган иши маанилуурок кийген кийиминен
+2
nargis
2016-07-16 16:05:59
Кандай кийинседа олкобузду тынчтыкта башкарса болду.Кийинки президент да Атамбаевдей болсун эн негизгизи тынчтык керек баарыбызга.
+3
Frunze74
2016-07-16 18:32:25
nargis, Ош окуясында эле жуздогон тургандар олуп кетти, жарадар болуп жабыркагандар миндеп саналат. Акыркы 6 жылда ото эле коп чек ара чыры катталып жатат Тажикистан жана Озбекистан менен, олгондор канча, 2010 же 2011 жылы Аксылык жакыр уй-булонун жалгыз уулун Ала-Букада кызмат отогон жеринен озбектер атып олтургон, Атамбаев 50мин сом болуп берди болгону. Анан кайсы тынчтыкты, токчулукту айтып жатасын?
Атамбаевдей президент келсе КЫРГЫЗДАР атын таппай тентип кетет го биротоло, Кыргызстан с
+3
nargis
2016-07-16 22:18:55
Frunze74,тонкоруш ,тонкоруш болгондон коро оз арабабызды озубуз тарталы дегеним эле.Жашоону озгортуп жумуш таап онуккон олко болсо кана балдарыбыз чонойгуча.
+2
abdillaevna-96
2016-07-17 11:50:45
Президент деген президенттей кийиниш керекда жудобой,президентибиздин стилисттери кайсыл жакты карап журушот экен,башка президенттерге окшоп скромный журсо болотко
-1
aika0906
2016-07-18 00:31:28
бул спортивкасы курулушта иштегендердикине окшош экен бирок алардыкы сары кок болот. жакшына одно тонный эле кийим кийбейби
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан