Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборунда болуп кайтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-июлда Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбордун директору Ишенбек Алмамбетовдун маалыматына ылайык, борбор азырынча аккредитация процедурасынан өтө элек, учурда бул максатта тийиштүү иштер жүрүүдө.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунда республика бир катар милдеттенмелерди алган, алардын катарында өлкөдө эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болуусу кирет. Буга байланыштуу ЕАЭБге интеграциялашуу алкагында тийиштүү инфраструктураны өркүндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылышы керек. Премьер-министр борборду ЕАЭБ стандарттарына дал келтирүү үчүн модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан