"Стамбулда учурда абал туруктуу, бирок көчөдө эл аз". Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына аталган аймакта иштеп жүргөн кыргыз жараны Азим Инаш билдирди.
"Жумушум Стамбулда, жашаган жерим Анкарада болгондуктан, түндө үйгө бара жатканда көпүрө жабылып Анкарага кете албай калдык. Түркиянын Куралдуу күчтөрү төӊкөрүш жасоого аракет кылышты, бирок ал пландары ишке ашпай калды. Азыркы тапта абал туруктуу, өлкө башчы элди тынчтандырып, демократия керек экенин баса белгилеп өттү. Жардыруулар болгон аймактардан алыс болсок да эпкини бизге жетип жатты. Кээде жерге жата калып жаттык. Мен тааныган Стамбулдагы кыргыздар аман-эсен экенин билем", - дейт А.Инаш.