"Стамбулда таӊ аткыча ызы-чуу болуп, абал эми гана тынчтанып жатат". Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына Анкарадагы Кыргыз достук жана маданият коомунун өкүлчүлүгүнүн катчысы Адилет Абишов билдирди.
"Түндө көчөдөн өткөн танктарды санап калдык. Менин билишимче, каза тапкандар менен жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок. Ызы-чуу башталган учурда көбү үйүндө болчу, түндө баары менен байланышканга аракет кылганбыз. Саат 22:00 чамасында мен университеттен келе жаткам. Сыххийе деген райондон (шаардын ортосу) метродон чыгып, жатаканага кетейин деп аялдамада автобус күтүп турсам, тик учактар тынбай өтө баштады. Жатаканага келип кабарларды окуп баштадым. Анда аскерлер Босфор кысыгынын көпүрөсүн жаап салышыптыр. Эч нерсе түшүнбөдүк. Арадан көп өтпөй түркиялык аскердик топ төӊкөрүш баштагандыгы тууралуу маалыматтар чыкты. Ошондон кийин эле тик учактардын учканы күчөп, атышуулардын үнү угула баштады. Көчөдө ызы-чуу болуп жатканынан карасак танктар өтүп жатыптыр, алардын саны 20дан ашты", - дейт Абишов.
Анын айтымында, танктар өткөндөн кийин эле атышуу, жарылуулардын үнү күчөгөн. Көчөдө жөө жүргөндөр, көбү унаалары менен Кызылай аянтына агылган.
"Биз социалдык тармактар аркылуу Анкарадагы кыргыздарга байланышып, үйүнөн чыкпай отурууга чакырып, көчөдөгү топторго кошулбоого үндөдүк. Сыналгы көрүп отурсак катуу үн чыгып, анын аркасынан катуу толкун келип биздин жатакананын биз отурган тарабына тийди. Ошол учурда аскерлер тик учак менен бийликтин учагын атып түшүргөнү маалым болду. "Эми эмне кылабыз?" деп жазган мекендештер көп болду. Баарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракеттендик. Ушундай ызы-чуу, жарылуу, атышуу, учак, тик учактын учкандары таӊкы саат 5ке чейин уланды", - деп кошумчалады Абишов.