Түркиядагы төӊкөрүш аракетинен каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок

15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркиянын аскерлери өлкөдө бийликти басып алууга аракеттенишкен. Аталган кагылышууда каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Анкарадагы элчилик менен Стамбулдагы башкы консулдук жана ТИМдин тиешелүү кызматкерлери жардам сурап кайрылгандарга маалымат берип, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырууда.

"15-июлда КРнын Түркиядагы элчилиги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Түркияга практикага келген 8 студентин элчиликтин кызматкерлеринин үйлөрүнө жайгаштырды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aidai89
2016-07-17 13:27:56
Орустарга сукианчу элек жарандарые аябай сакташат деп , мына биздин кыргыз бийлиги деле минтип дароо кыргыз жарандары жок ал жерде деп суйунтуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан