"CNN Turk" телеканалында Түркиянын президенти Режеп Эрдоган "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген" деп Америка Кошмо Штаттарында жашаган оппозициялык ислам үгүттөөчү Фетхуллах Гюленди айыптоодо. Бул тууралуу "Дождь" басылмасы жазып чыкты.
Андан соң ушундай эле жоромолу менен түркиялык юстиция министри чыккан. Гюлендин тарапташтары бул козголоңго анын эч кандай тиешеси жок экенин айтышып, бул айыпты "өтө жоопкерчиликсиз" деп аташкан.
"Фетхуллах Гюлен - "Хизмет" руханий кыймылынын лидери, мурунку имам, исламий коомдук ишмер. Анын Түркияда таасири чоң, ислам дүйнөсүндө анын жолун миллиондогондор жолдошот. 2013-жылы Гюлен "Time" журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн таасирдүү адамдарынын 100дүгүнө кирсе, "Foreign Policy" журналы боюнча 500дүккө кирген, ошондой эле мусулмандар арасындагы таасирдүү адамдардын тизмесинен 11-орунду алган.
Гюлен өзүнүн тексттеринде илим жана билимдин коомдун өнүгүүсүндөгү ролун баса белгилеп келет. Ал демократияны саясий режимдин эң ыңгайлуусу деп эсептейт. Анын идеялары 150дөй өлкөдө миңдеген мектептерди, университеттерди жана маданий борборлорду ачууга түрткү берген. Түркияда анын мектептери эң мыкты деп эсептелинет.
1999-жылы АКШга дарыланганы кетип, кайра кайткан эмес. 2000-жылы Түркиянын бийлигине каршы иш-аракеттерди кылган деп айыпталган. 2008-жылы кылмыштын курамы жок болгондуктан, иш жабылган. Ага карабастан, Гюлен Эрдогандын партиясын колдоп келген. Ал эми 2013-жылы Стамбулдагы Гези сейил багынын курулушуна каршы чыккандарга колдонулган чараларды сындаган Гюлен менен Эрдогандын мамилелери бузулган", - деп жазылган басылмада.