"Стамбулда абал тынч, дүкөндөр жана коомдук унаа мурунку тартипте иш алып барууда" дейт кыргыз мекендеш

Стамбулда абал тынч, дүкөндөр жана коомдук унаа мурунку тартипте эле иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына аталган аймактагы мекендешибиз Абдыкадыр уулу Нурлан билдирди.

"Түн да, күн да тынч өтүүдө, бирок көчөдө жүргөн элдин маанайы суз. Элде дале коркуу сезими бар. Стамбулдун тургундарынын көбү үйлөрүнө мамлекеттик желекти илип алган. Мындай кадам аркылуу алар бийлик менен бирге экенин түшүндүрүүдө. Бул жактын эли аябай патриот экен, алар өлкө башчысын абдан сыйлашарын түшүндүм. Дүкөндөр, коомдук унаа мурунку тартипте иш алып барып жатат. Элдин маанайын көтөрүү максатында окшойт, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү бекер ташууда", - дейт мекендешибиз.

Анын айтымында, учурда чет элдик жарандардын документтерин, визаларын текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан