Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барды (фото)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 15-июлда бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Сооронбай Жээнбеков Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна жана Ак-Талаа районундагы "Мангел" айыл чарба кооперативине барды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районунун Куртка айылындагы Байымбет Абдырахманов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Андан соң Нарын шаарынын суу тазалоочу жайын реконструкциялоонун жүрүшүн көрдү.
Ошондой эле Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата даярдыктардын алкагында Тайлак баатырдын күмбөзүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышканы белгилүү болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tashi62
2016-07-18 09:41:06
Нарынга кантип барды? Ошко келгенде ар 10 метрде бирден маи бирден милиция эртеден кечке турган.
-1
mishonia8077
2016-07-19 00:34:54
tashi62,Нарында деле маичилер толтура турушту бизде деле парадный кийинип алышып
0
mishonia8077
2016-07-19 00:37:23
Нарынга келбеш керекпи эмне
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан