Италияда 94 жаштагы кемпир уул төрөдү

Италияда 94 жаштагы кемпир 3 килограмм салмактагы уул төрөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италиянын Неаполь шаарында Анжелина аттуу 94 жаштагы кемпир көз жарды. Анын наристесинин салмагы 3 килограмм болгон. Маалымат булактарында кемпирдин наристесинин уул экени айтылууда. Буга чейин кемпирдин кош бойлуу экендиги билинген эмес.

Анжелина биринчи жолдошунан 24 жашында ажырап, жалгыз калган. Ал 50 жыл бою жалгыз жашап келген. Учурда 70 жаштагы экинчи жолдошу менен Неаполдун четинде жашайт.

“Жалгыз жашап көнүп, анчалык запкы жеген эмесмин. Бала жыттабай калганымды арман кылып келген элем. Буга чейин бала тилеп Кудайга жалбарып келгем. Тилегим орундалды”, - деп Анжелина жергиликтүү басылмаларга маалымат берген.

Ал эми дарыгерлер кемпирдин ден соолугун өтө кылдаттык менен текшерип, баланы кесарево жолу менен жарыкка алып келишкен. Оорукананын жетекчиси мындай окуя акыркы 100 жылда экинчи жолу эле болуп жатканын айткан.

Мындан ары 94 жаштагы эне жана бала дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Urmat_83
2016-07-18 09:45:27
94 деп эле туратго.Куйоосу 70 жаш имиш
+5
tashi62
2016-07-18 09:45:32
Азыр чыдап тургула оңдоп жатат .
0
VIK
2016-07-18 09:46:25
70
0
VIK
2016-07-18 09:47:40
70 жаштагы жолдошу менен жашайт деп жататго. Ишенбедим торогонуно.
+1
shadyeva
2016-07-18 09:48:31
94 деп эле турат го.
+1
Elizza
2016-07-18 09:54:21
70 жашта жолдошу деп жазылып туратго озу 94 жашта
+1
Labadax
2016-07-18 09:56:30
Кандай эле тушунбойсунор,кемпир 94 жашта экен,чалы 70 те экен.Бирок кантип тойоду экен тан калыштуу.
+2
Саби
2016-07-18 09:58:15
Ондоп коюптур.Эми 94 жашта болсо канча жашайт ким билет, баласы эмне болот?балага эле кыйын го ата-эне мээримин корбой калат
-3
beka1207
2016-07-18 09:59:33
Ишенуу кыйынга турат....
-1
japardos
2016-07-18 10:04:48
Мына сага 94бек деп ат койсо болот
0
birtanem
2016-07-18 12:06:45
Алла не тилек кылса берет!100 % кепмлдик менен!
+1
mister
2016-07-18 12:30:31
Токсонбай торолуптурда. Омурлуу болсун...
+1
admin_portal
2016-07-18 12:58:41
nazi25, kubat_73, nurzada78, этика нормаларын сактаңыздар!
-3
akzuura
2016-07-18 14:58:17
94 жаш болсо да айызы келебикен э?
50дөн кан корбөйт деп уккан элем.
Ааа балаңыз өмүрлүү болсун!
+3
Federica
2016-07-19 02:46:11
Бул чын нерсе мындай нерсе менен тамашалашпайт Мен Италиядамын бул кемпир катуу талкууга алынууда биякта. Бу кемпир озу бай бут баласына калат да. Канча жашайт бир кана Кудай билет ошонтсе да молодец кемпир экен. Балким 100дун ашыгын жашайт биякта 100 ашкан кемпирлер ото коп. Жашоосу жакшы женил онуккон аявай жаш Жана коп жашашат 80 деги кемпирлери 50 60 жаштай корунотко ал Эми биздин апалар 80 жашта кандай корунот айтпасам деле белгилууго ((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан