Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, КРнын Президентинин Аппаратынын башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, казак элинин акыны, жазуучусу Мухтар Шаханов жана маркумдун жакын санаалаштары катышып жатышат. Маркумдун сөөгү бүгүн, 18-июлда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
"Бүгүн элибиздин кадырман карыясы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, журтубуздун таланттуу уулу Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатып жатабыз. Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Бүгүн замандаштарына, келечек муунга, калемдештерине талант менен адамгерчиликти бир тагдырга ширелтип, бул жашоодо өтөлгөлүү өмүр өтөөнүн улуу үлгүсүн көрсөткөн даанышман инсан менен коштошуп жатабыз", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Сүйүнбай Эралиев 16-июль күнү 95 жаш курагында узак оорудан улам дүйнө салган.