Түркияда дайынсыз болуп жаткан жаран табылды

Түркияда А.А. аттуу кыргыз аял 16-июлдан бери туугандары менен байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жатканы кабарланган. КРнын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы ал аял табылганын 18-июлда билдирди.

Ал эми аталган өлкөдөгү элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдукка ар кандай маселелер менен телефон чалгандардын саны эки күндө 100дөн ашкан. Мындан улам элчилик Түркияда окуп, иштеген мекендештерди дайым байланышта болууга чакырууда.

Эскерте кетсек, 15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркияда айрым аскер башчыларынын аракети менен бийликти басып алуу аракети жүргөн. Бирок ал максаттары ишке ашкан эмес. Анын кесепетинен каза тапкандардын саны 265, ал эми ар түрдүү жаракат алгандардын саны 1440 адамга жеткен. Каза тапкандардын ичинен 41и полиция кызматкери, 2 жоокер, 47 жаран жана 100дөн ашууну төңкөрүшкө катыштыгы барлар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан