Кыргыз эли 95 жаш курагында дүйнө салган Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев менен коштошту. Акын менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтүп, анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Сөөгүн жерге берүүгө баргандар кезек менен топурак салышты. Андан соң гүлчамбар коюлуп, куран окулду.
Акынды акыркы сапарга узатууга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, КРнын Президентинин Аппаратынын башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, казак элинин акыны, жазуучусу Мухтар Шаханов жана маркумдун жакын санаалаштары катышты.
Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы 15-октябрда Талас облусуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган.
1948-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1974-жылы "Кыргыз Эл акыны" ардактуу наамын алган.
1981-жылы акын А.А.Фадеев атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыкка татыктуу болгон.
1986-жылы "Кыштак кечтери" аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.
1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.
2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.
Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
2006-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы берилген.