Бүгүн, 18-июлда өлкө аймагында 3 ирет жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан билдиришти. Алгач жер титирөө таңкы саат 06:12 чамасында Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 130 чакырым алыстыкта жайгашып, Кыргыз-Кытай өлкөлөрүнүн чек арасында 4 баллга жеткен.
Андан кийин саат 09:06да да жер силкинип, анын күчү очогунда 4 баллга жеткен. Кара-Мык айылынан 5 чакырым, Кара-Тейит айылынан 10 чакырым чыгышты карай, Жаш-Тилек айылынан 20 чакырым, Дароот-Коргон айылынан 30 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан. Кара-Мык, Кара-Тейит айылында 3,5, Жаш-Тилек, Чак, Жар-Башы, Кулчу айылында 3, Дароот-Коргон айылында 2,5 баллга сезилген.
Саат 13:17де дагы жер силкинүү кайталанган. Анын күчү 4 баллга жетип, очогу Боз-Адыр айылынан 3 чакырым, Баткен шаарынан 23 чакырым түштүк-батышта орун алган. Боз-Адырда 4 баллга жетсе, Бужум, Жаңы-Коргон, Ормош, Сура айылында 3 баллга байкалган. Ошондой эле Баткен шаарында, Айдаркен, Кызыл-Жол айылында 3 баллга жеткен.
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыйроолор жана жабыркагандар жок.