Президент Алмазбек Атамбаев "Азия MIX" командасын жеңиши менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев "Азия MIX" командасын "Голосящий КиВиН-2016" фестивалындагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан билдиришти.

Өлкө башчы "Азия MIX" командасы өзүнүн талыкпас эмгеги, таланты жана чыгармачылык энергиясынын аркасы менен көрүнүктүү жогорку командалардын бири боло алганын баса белгиледи.

"Кыргыздар ар бирибиз чыдамсыздык менен КВНдеги өзүбүздүн жылдыздарыбыздын чыгышын күтүп, силерге боор тартып, сыймыктанабыз", - деди Атамбаев.

Ошондой эле президент "Азия MIX" өзүнүн ийгиликтери менен кыргыз маданиятынын мекениндеги жана чет элдеги өнүгүшүнө салым кошуп, эл аралык аренада өлкөнүн позитивдүү имиджин көтөрүп, кыргыздардын чыгармачылыгын жогорулатып жатканын билдирди.

"Силердин чыгармачылыгыңар жана силердин жеңишиңер мекениңерге керек. Алар кыргыз жаштарына ишенич, баарыбызга өзүбүздүн укмуштуудай мекенибиз менен сыймыктанчу сезимдерди тартуулайт. Силерге жаңы ийгиликтерди каалайм!" - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
atyra01
2016-07-18 17:36:14
куттуктап эле тим болбостон колдоо корсотсо жакшы болмок
+3
Mile
2016-07-18 17:47:12
Акчалай колдоо корсоткон экен деп ойлодум эле
0
Aitbek0101
2016-07-19 00:40:42
Mile,колдоо коргозбоду беле башта эми ар бир жетишкендиктерге ансыз деле дефицит бюджеттен акча бере берсе болбойтго. Ар бирибиз мамлекеттин козун карабай СССРдегидей социализм комунизм заманы эмес азыр капитализмде жашап жатабыз , базар экономикасы, ушуну тушунуш керек жаны муун. Азыр ар ким озу менен болуусу керек,бизнес ачуу керек. Ал эми мамлекеттин милдети азыр мыйзамды сактоодо жана тартипти кароодо. Инвесторлорду тартып жана социалдык жардамга муктаж гана калк катмарын колдоосу керек.
+5
kuba502
2016-07-18 18:57:03
Албетте колдоо болгон учун ушундай ийгиликтерге жетишип жатат го
-1
Rahim76
2016-07-19 13:17:29
Жазда эле Т.Сариев акчалай жардам бердиго.Башкасычы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан